Menu

Өкмөт өлкөгө Россиядан сатып алынган буудайдын экинчи партиясын – 760 тонна данды 11 вагондо алып келди

Бөлүшүү:
Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилди. Бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан эгини алынып келинди.
Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок.
   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: