“Коррупция” беренеси менен Бишкек ЖЭБинин иши боюнча сот тарабынан күнөөлүү деп табылган экс-министр Айбек Калиевге тагылган экинчи айып, кытайлык ТВЕА компаниясына тиешелүү жол тандабас унааны алардын ишеничине кирүү менен алдап, өзүнүн жакындарына арзан баада алып берген деген негизде “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу анын жактоочулары журналисттерге билдирген.
Айбек Калиев күнөөнү мойнуна албай, иштин жалган экендигин билдирип келет. Процесс 10-майдан кийин улантылат. Улуттук энергетикалык холдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев Жылуулук электр борборлорун модернизациялоо боюнча ишинде 17 жылга, ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ