Menu

Видео – Стамбулдан келген кыргызстандыктар обсервация шарттарына нааразы

Бөлүшүү:

Стамбулдан учуп келген Ош облусунун тургундары жайгаштырылган обсервацияда антисанитардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде алар журналисттерге билдиришти.

Алардын айтымында, бийлик жакшы шарттар жөнүндө сүйлөшүп, адамдарды алдап жатышат. Тактап айтканда, Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан ооруканада көп палатага бир эле даараткана бар. Ал эми суу мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турат.

«Имараттын дааратканалары санитардык шарттарга жооп бербейт. Бир палатага төрт адамды жаткырып коюшкан. Инфекция коркунучун азайтуу үчүн, бизди бир палатага эки адамдан гана жаткырууну сурандык. Клиниканын жарымынан көбү бош болсо дагы, алар: “Жогору жактан буйрук жок”, – деп баш тартышты. Саламаттыкты сактоо министрлигине бир нече жолу кайрылгандан кийин, Бишкектегилер биздин бул жерде экенибизди билбегендиги белгилүү болду. Алар бизди үйлөрүндө деп ойлошкон. Демек, борбор калаада алар маалыматка ээ эмес жана бардык жерде өз эрежелери бар. Координация жок”,- деп айтышты алар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, ал жердеги обсервация меселесин жергиликтүү бийликтер чечип жатышат. Брифингде өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Стамбулдан келген адамдар Кашкар-Кыштак айылындагы обсервацияга жайгаштырылгандыгын маалымдаган.

Стамбулдан 17-апрелде кыргызстандыктар учуп келген. Алардан коронавируска анализ алышканда бир нече адамдан вирустун белгилери табылган болчу.

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: