“Биринчи кезекте, бир күндүк кирешеси менен иштеген тармактарды ишке киргизүү керек: курулуш, техникалык тейлөө станциялары, желимдөө, таксилер, бирок санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сакталуусу шарт. Унаада эки жүргүнчүдөн көп адам болбошу керек. Медициналык бет каптарды кийүү, өз убагында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, аралыкты сактоо ж.б. талаптарды сөзсүз түрдө аткаруусу зарыл. Талаптарды эске алуу менен, биз иштин ушул багыттарын карап чыга алабыз. Ал эми эрежелер бузулган учурда, адамдар жоопко тартылышат” – деп билдирди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ