Жалал-Абад облусунда өткөн бир сутканын ичинде жалпысынан 17 кылмыш иши катталды. Катталган кылмыштардын арасында оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Ошол эле мезгилде бир сутканын ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн болгону 5 жаран кармалды. Анын ичинен Жалал-Абад шаары боюнча 2 адам, Сузак району боюнча 3 адам. Шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жалпысынан 41 жаран жеткирилип, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы мезгилде жалпысынан облус аймагында анын ичинде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коомдук саясий жана криминалдык абал толук туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифингде билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ