Menu

Видео – Жанар Акаев: “Ун магнаттарын колдоп, депутаттар буудай менен ун ташып келүүгө НДСти алып салды, унчулар утту. Бюджетчи?”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада он чакты депутат каршы болгонуна карабай буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам 3 окууда кабыл алынды. Бирок президент муну азыр артка кайтарганы туура болот. Анткени, азыр Кыргызстан бүт Эл аралык финансы институттарынан каражат сурап жүрөбүз, а өзүбүздүн өндүрүшчүлөр төлөчү анча-мынча салыктардан баш тартуу туура эмес. Дал ушул тапта бул мыйзам керек, бир жарым жылга иштесин, абалдан чыгып алганча. Бирок демилгечилер ун магнаттарын колдоп, НДСти 2025-жылга чейин бошотуп салбадыбы, кырдаалдан пайдаланып. Бул биздин эле ун чыгаргандардын эмес, Казакстандык ун өндүргөндөрдүн кызыкчылыгы болушу да толук мүмкүн! НДСтен бошотолу, азыр ун өндүргөндөр бутуна турсун, бирок эмне үчүн алты ай, бир жыл эмес, 5 жыл?

Атамбаев президент кезинде бул мыйзам казынага 1 млрд сом түшүрбөйт деп айткан, депутат Кенжебек Бокоев 680 миллион сом зыян келет деп жүрөт. Бери дегенде заманбап 12 жаңы мектептин акчасы. Ушуну ЖК колдоп берди. Демилгечилер болсо НДСти албасак контрабандисттер гана утуп жатат дейт, НДСти албай туруп контрабандисттерди тыюу керек эле четинен. Ун ташыган 15 контрабандистти өкмөт жакшы билет.

Бул жолу ун чыгаргандар көп келип, мындай мыйзамдар колдоо тапсын, эмкиде кенчилер келсе, анан буларды көрүп казиночулар келсе, аягы эмне болот лоббинин? Бюжет тартыш деп коюп, биягынан кайра жайлап аткан учур иши кылып.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: