Бүгүн, 25-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус табылып, өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 682 адамга жетти. Бул тууралу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Алардын ичинен:
– Бишкек шаарынан – 7;
– Нарын областынан – 2;
– Баткен областынан – 2;
– Жалал-Абад областынан – 2;
– Ош областынан – 2;
– Ош шарынан– 1;
– Чүй областынан – 1 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ