Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын обсервациясына 22-апрель күнү сырттан оор жүк ташуучу унаалардын 7 айдоочусу жайгаштырылган. Алардан коронавирусту аныктоо үчүн алынган ПЧР диагностиканын жыйынтыгында COVID-19 вирусу тастыкталган жок. Бул тууралу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 25-апрелде аталган жарандар үй карантинине чыгарылды. Айдоочулар үй карантинин шарттары жана бузган учурда жоопкерчилик чаралары менен таанышышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ