Menu

Тажик бийлиги пневмония менен ооругандар жылдагыдан аз экенин билдирди

Бөлүшүү:

Быйыл соңку үч айда Тажикстанда 5023 киши пнемвония менен ооруду. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Былтыр 5192 киши өпкөнү сезгенткен илдеттерге чалдыккан.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук менен жабыркагандардын саны да жылдагыдан азыраак экенин белгиледи. Бирок маалыматта бул илдеттерден канча киши көз жумганы көрсөтүлгөн эмес.

Өлкөдөгү адам укугун коргогон уюмдар пневмониядан көз жумгандар көбөйүп жатканына байланыштуу так маалымат берүүнү сураган.

Маселен, Душанбеде прокуратура кызматкери пневмониядан көз жумганы айтылган. Бийлик ал чочко тумоосунан өлгөнүн билдирүүдө. Согди облусунда эле бери дегенде жети киши пнемвониядан өлгөн, алардын арасында бегилүү окумуштуу Абдуали Тоировда бар. Алардын баары ооруканалардын инфекциялык бөлүмүндө дарыланышкан.

Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек. Бийлик өпкөнү сезгенткен оорулардан өлгөн кишилердин көбөйүп жатканын “жагымсыз аба ырайы жана сасык тумоонун күч алышы” менен түшүндүрүүдө. Бул кырдаалга байланыштуу жакын арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Тажикстанга өз эксперттерин жөнөткөнү турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: