Menu

Google Өзбекстанга 85 миң евро салык төлөдү

Бөлүшүү:

Google компаниясы Өзбекстандын казынасына 85 миң евро кошумча нарк салыгын төлөдү. Бул быйылкы жылдын биринчи кварталы үчүн төлөм экенин өлкөнүн Салык кызматы билдирди.

2020-жылдан тартып күчүнө кирген Салык кодексине ылайык, Өзбекстанда санарип кызмат көрсөткөн компаниялардан төлөмдөр алынышы керек.

Ушул тапта “Гугл”, “Нетфликс”, “Самсунг” баштаган тогуз чет өлкөлүк компания салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

“Гугл салык” деп аталып жүргөн төлөм Орусияда 2016-жылдан бери иштеп келет. Интернет тейлөөнүн бардык түрү – тиркеме, оюн, музыка, фильм сатуудан, жарнамадан жана башкадан төлөм алынат. Мындай салык Австралия, Жапония, Корея, Жаңы Зеландия жана Евробиримдик өлкөлөрүндө бар. Кыргызстанда да санарип кызмат көрсөткөн эл аралык компаниялардан салык алуу демилгеси көтөрүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: