Menu

“Талибан” атышууну токтотуу режимин сактоодон баш тартты

Бөлүшүү:

Кабулдагы мечиттердин бириндеги жума намаз. 24-апрель, 2020-жыл.

 “Талибан” кыймылы ооган өкмөтүнүн сунушун четке кагып, Рамазан айында ок атуу режимин токтотуудан баш тартарын билдирди.

Талибдер тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндөгү пикир келишпестиктерге байланыштуу элдешүүнү сактоо орунсуз экенин белгилешти.

Ооганстан президенти Ашраф Гани коронавирус пандемиясына байланыштуу 25-апрелде өкмөттүн атынан талибдерге атышууну токтотууну сунуштаган. “Талибан” өкүлү согуштук аракеттер токтобой турганын айтып, бийликтен тезинен түрмөдөгү туткундарды алмашууну баштоону сунуштады.

НАТО альянсы “Талибандын” бул чечимин сынга алды. Брюссель болсо ооган оппозициячыларын туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга үндөдү.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен “Талибан” бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5000 талибди коё бериши керек эле. ”Талибан” да туткундагы 1000 кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Андан бери ооган өкмөтү “Taлибандын” 550 мүчөсүн түрмөдөн чыгарса, куралдуу топ улуттук коопсуздук күчтөрүнүн 60 кызматкерин туткундан бошотту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: