“Ала-Бука району боюнча обсервацияда 19 медициналык кызматкер бар. Алардын биринчи анализдери терс, экинчи анализин 12-күндө алабыз. Алардын дагы жыйынтыктыры терс болсо, анда аларды обсервациядан чыгарабыз” – деп билдирди Урматбек Боржиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 695 учуру аныкталган. Анын ичинен 395 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Сегиз жаран коронавирустан улам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ