Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус илдетин дагы 2 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында вирус жуктурган медицина кызматкерлердин экөө тең Нарын облусунун Жумгал районунда катталган.
Алар, бирөө дарыгер ал эми экинчиси кичи медициналык кызматкер.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус жуктурган медицина кызматкерлердин саны 185ке жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ