Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына карабастан, Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедов өзгөчө жактырган Улуттук аргымак күнү белгиленди.
Өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары майрамдын алкагында 26-апрелде бир катар иш-чаралар, анын ичинде ахалтекин тукумундагы жылкылардын сулуулук сынагы өткөнүн кабарлашты.
Президент Гурбангулы Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт. Бул жолу да ал ахалтекиндин сүрөтүн мыкты түшүргөн сүрөтчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарып, сулуулук сынагында жеңген жылкы ээсине Audi Q8 автоунаасынын ачкычын тапшырды.
Мындан тышкары өлкө башчы ахалтекин тукумундагы жылкыларга шарт түзүүгө 680 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча Түркмөнстанда COVID-19 илдетин жуктурган адамдар жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ