Menu

Өзгөчө абал режиминде садака-фитирди үйдөн чыкпай кантип берүүгө болот?

Бөлүшүү:

Садака-фитирди, зекетти жана башка кайрымдуулуктарды өзгөчө аьал режиминде берүү онлайн режиминде баланс.kg аркылуу жүргүзүлөт. MegaCom абоненттери MegaPay тиркемеси аркылуу кайрымдуулук кыла алышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Кыргызстан мусулман дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, которулган акча каражаттары Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Садака-фитирди  онлайн режиминде төлөө үчүн, AppStore же Google Play кызматтарынан balans.kg же MegaPay тиркемесин (MegaCom абоненттери үчүн) жүктөп алуу керек. Тиркемедеги “Кайрымдуулук” бөлүмүнө өтүп, “Зекет” же “Жетимдерге жардам” дегенди тандоо керек. “Реквизиттер” сабына номерди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.

Быйыл Орозо айы 24-апрелде башталып, 24-майда аяктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  өлкө боюнча 2020-жылга карата садака-фитирдин баасын бекиткен.

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: