Menu

Ош шаарында согуштун 6 ардагери 75 миң сомдон жөлөк пул алышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-апрелде Ош шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун алты ардагерине мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Алардын айтымы боюнча, президент Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун 6 ардагерине 75 миң сомдон жыл сайын бир жолку берилүүчү жардам тапшырылды.

Ал эми согуш маалындагы 15 тыл ардагеринин ар бири 15 миң сомдон жылына бир жолу берилүүчү жөлөкпул алышты.

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги райондук, шаардык жана райондор аралык администрацияларга согуш ардагерлерин сыйлоо үчүн 44 миллион 128 сом бөлүп берди.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: