Баткен райондук соту чек ара кызматынын улук кызматкерин катардагы жоокерлерге ашыкча күч пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Маалыматка караганда, 35 жаштагы Б.К. №2022 аскер бөлүгүндө жоокерлерди сабап салган.
«2019-жылдын декабрь айында Б.К. казармада жоокерлерди тизип, алардын бирин көкүрөккө уруп жиберген. Кийинчерээк жоокерлерди кайрадан тургузуп “Эмне үчүн кечки сейилдөөгө даяр эмессиңер? Эмнеге менин талаптарымды аткарбай жатасыңар?”,- деген. Андан кийин, жоокерлердин бирин полго жатышын талап кылып, аны көкүрөккө бир тепкен. Андан кийин төшөктө жаткан дагы бир жаш жигитти тургузуп алып “Жашооң жакшыбы?” – деп сурап аны дагы жаакка чаап жиберген”, – деп айтылат билдирүүдө.
Сот айыпталуучуну бир жылга чейинки мөөнөткө сыноо көзөмөлүнө алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ