Menu

Казакстан дагы деле өз аймагынан Соль-Илецк шаарындагы кыргызстандыктарды өткөрүүгө каршы болууда

Бөлүшүү:

Учурда Россиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарында жайгашкан кыргыз жарандарынын маселеси курч бойдон турат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, министрликте казак-орус чек арасында калган кыргызстандыктар тууралуу толук маалыматтар бар, алар менен байланышта болушуп, сүйлөшүп турушат.

“Ал жердеги биздин жарандарыбыз көптөн бери Казакстандын территориясы аркылуу транзит менен өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүктү күтүп отурушат. Бул багытта тышкы иштер министрлиги, өкмөт тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Биздин консулдар, Москвадагы элчиликтин дипломаттары, ал жактагы биздин ардактуу консулдар, диаспоранын өкүлдөрү, жетекчилери, коомдук уюмдардын жетекчилери алар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тамак-аш, жатакана жагынан жардам берүүгө аракет кылышууда. Айрымдары Россияга кайтып келгенине карабастан, айрымдары ал жакта транзит менен өтүп кетүү үчүн күтүп жатышат. Бул багытта аларга жардам берүүнү улантабыз. Казакстан менен сүйлөшүүлөр абдан активдүү жүрүп жатат. Бүгүн, эрте менен Кыргызстандын Казакстандагы элчиси менен байланыштык, анын айтымында, казак тарабы жакынкы сааттарда бул маселе боюнча өзүнүн сунушун, жообун бергени жатат. Буйруса, алар жооп ала турган болсок, анда биздин жарандарды алып кетүү маселесин дагы карап, уюштуруу маселесин чечүүгө даярбыз” – деп билдирди Нуран Ниязалиев.

“Чынында эле, аларды алып кетүүдө Казакстандын кооптонуусу бар. Анткени, алар Казакстандын 2 миң километрден ашуун аймакты, т.а. 4 облусту басып өтүшү керек. Ошондуктан, казак тарап кооптонуу менен карап жатат, бирок азыркы мезгилде биздин суранычтарга жооп берүүгө даярдыгын билдирүүдө” – деп кошумчалады Нуран Ниязалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: