Menu

Тажикстанда фамилияларды жазууда «-ов/-ова» деген мүчөлөрдү колдонууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, өлкөдөгү улуттук ачылыкты түзгөн жарандардан башка адамдардын аты-жөнүн жазганда «-ов/-ова» жана «-вич/-овна» деген орусчалашкан суффикстерди колдонууга тыюу салынат.

«Бул өзгөртүүлөр паспортунда фамилиясы «-ов» же «-ова» деп жазылгандарга тиешелүү болбойт. Жаңы эреже аты-жөнүн өзгөрткүсү келген же алгачкы жолу документ алып жаткан жарандарга карата гана иштейт. Жаңы төрөлгөн балдарга аты-жөнү «пурдухт», «и», «зод», «зода», «он», «ён», иён», ниёр» жана «фар» деген улуттук суффикстер менен жазылган документтер берилет», — деди өлкөнүн юстиция министри Музаффар Ашуриён.

2007-жылы президент Эмомали Рахмон фамилиясынын аягындагы «ов» суффиксинен баш тарткандан кийин өлкөдөгү башка аткаминерлер да ушундай кадамга барышкан. Бирок көп өтпөй миңдеген тажикстандыктар, негизинен эмгек мигранттары кайрадан фамилияларын орусчалаштыра башташкан. Алар Орусияда жумуш берүүчүлөр менен полиция кызматкерлери тажик ысымдары менен фамилияларын айырмалай албай жаткандыктарын айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: