Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус илдети менен ооруп жаткан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаары – 8 бейтап,
– Ош шаары – 5 бейтап,
– Ош облусу – 4 бейтап,
– Жалал-Абад облусу – 1 бейтап,
– Нарын облусу – 6 бейтап,
– Ысык-Көл облусу – 1 бейтап.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 462 бейтап айыкты.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ