Menu

Акылбек Жапаров: “Президент жана премьер-министр биздин үмүттү актады”

Бөлүшүү:

“Президент, премьер-министр жеке менин оюм боюнча биздин үмүттү актады. Айрым бир мамлекеттерге салыштырмалуу оору кескин түрдө тарап кеткен жок. Өлүм-житим аз болду. Биринчи этап аткарылды деп ойлойм. Экинчиси, ачка кала турган кишилерибиз ачка калган жок. Мүчүлүштүктөр бар, бирок бул жумуштар өзгөчө абал бүткөндөн кийин дагы уланып кете бериши керек деп ойлойм” – деп билдирди бүгүн, 30-апрелде депутат Акылбек Жапаров ЖКнын жыйынында.

Ошол эле учурда, депутат Каржы министрлигинин тышкы карызды төлөө боюнча позициясын сынга алды.

“Мен бир суроо тактап коёюн. Урматтуу президент Сооронбай Шарипович бүт өлкөнүн жетекчилери менен, финансылык институттардын бардыгы менен сүйлөшүп бүттү. Сүйлөшүүлөр үчүн бардык эшиктер ачылды. А каржы министри 8,9 млрд сомду төлөп берип салдыңар, 110 миллион долларды ички жана тышкы карызга. Бул эмне кылганыңар? Төлөй турган каражаттарды кечиктирп, кечиктирилген төлөмдү төлөп коюп, калган акчасын экономикага жумшасак болот эле да. Эмне үчүн реструктивизация болбойт?” – деп суроо берди депутат Акылбек Жапаров.

Каржы министрлигинин өкүлүнүн айтымы боюнча, карызды төлөө министрлик үчүн приоритеттүү болуп саналат.

“Азыркы сүйлөшүүлөр бүтмөйүнчө, биз графикке ылайык төлөшүбүз керек. Төлөбөсөк кесепеттери начар болот. Кийинки каражаттарды алууга мүмкүнчүлүк болбой калышы мүмкүн” – деп жооп берди каржы министрлигинин өкүлү.

“Урматтуу премьер-министр тышкы карызды төлөө сиздин дагы приоритетпи же Кыргызстандын экономикасын сактап калуу приоритетпи?” – деп суроо узатты депутат.

“Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп жатам. Негизи, келишимдерге кол койгондо, нормалдуу мамлекет аларды аткарыш керек. Төлөй турган каражаттарды башка мөөнөткө жылдырып төлөө боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү тууралуу айтып жатасыз да (?). Эки мамлекеттин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү болду. Кытайга жылына 70 миллион доллардан төлөйбүз. 3 жылдан кийин бир жылда 200 миллион төлөйбүз. Ушулар боюнча жетекчилер сүйлөшкөндөн кийин иштей турган органдардын бардыгы иштеп жатабыз. Мындан тышкары, ушул жылдын мөөнөтүндө келе турган төлөмдөрдү сүйлөшүп, төлөбөй койгонго процедураларды баштап жатабыз” – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

“120 миллион долларды эл аралык валюта фондунан ала калып, анан 110 миллион долларын тышкы карызга төлөгөндү туура эмес деп эсептейм. Каржы министрлиги ыкчамыраак иштеши керек” – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: