Menu

Видео – Ирина Карамушкина: 12-мартта Сауд Арабиядан учуп келип өлкөгө коронавирус тараткан рейсте Асылбек Жээнбеков болуп, “текшербегиле, үйүлөрүнө таркатып жибергиле деп буйрук берген” деген маалымат өкмөттө барбы?

Бөлүшүү:

-Республикада коронавирустун тарашына 12-мартта Сауди Арабиядан учуп келген рейс себепчи болгону баарына белгилүү. Кимдин күнөөсү менен ошол рейстин жүргүнчүлөрү обсервациядан өткөрүлбөй шашылыш үйлөрүнө таратылып жиберилгенин өкмөт иликтедиби? – деп сурады депутат Ирина Карамушкина бүгүн, 30-апрелде парламенттин жыйынында премьер- министр Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрүнөн.

-Ал кезде Сауд Арабия өлкөсү коронавирус боюнча кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген эмес эле, ал учурда Кытай, Корея, Япония жана башка өлкөлөр кооптуу деп эсептелчү. Сауд Арабия ал өлкөлөрдүн катарына кирбегендиктен биз ал жүргүнчүлөрдү азыркыдай текшерип, иликтеген эмеспиз. Ошондуктан аларды үйлөрүнө коё бергенбиз, – деп жооп берди КР Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдукаримов.

-Сиз өзүңүз айтпадыңызбы бул вирус январда эле Европада, Аравияда болгон деп. Менимче силер жөн эле текшербей койгонсуңар. Айтыңызчы, ошол 12-марттагы рейсте депутаттар болду беле? Тагыраагын айтканда жүргүнчүлөрдүн арасында депутат Асылбек Жээнбеков болду беле? – деп такыды Ирина Карамушкина.

-Андай маалыматтарды мен билбейм, – деп жооп берди министр Абдукаримов.

– Анда мага ошол рейстеги депутаттардын тизмесин бергиле, анткени мен силерде “Асылбек Жээнбеков жеке өзү ошол рейсти текшербегиле, үйлөрүнө коюп жибергиле деп буйрук берген” деген маалымат барбы, ошону билгим келет. Ал рейс текшерилиш керек эле, келгендердин баарын лабораторияда текшериш керек болчу. Мага ошол рейстин тизмесин беришиңиздерди сууранам, – деди депутат Карамушкина.

Жыйында Асылбек Жээнбеков жок болгондуктан бир аздан кийин депутат Төрөбай Зулпукаров “мен Асылбек Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштүм, ал март айында умрага барган эмес. 12-марттагы рейстин ичинде болгон эмес, эч кимге эч кандай буйрук берген эмесмин” деп жооп берди” деп ачууланды Карамушкинага.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: