Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдети менен жабыркап жаткандардын ичинен 42 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаары – 8 адам;
– Ош шаары – 10 адам;
– Ош облусу – 9 адам;
– Жалал-Абад облусу – 3 адам;
– Нарын облусу – 11 адам;
– Ысык-Көл облусу – 1 адам.
Учурда республика боюнча вирустан айыккандардын саны жалпы 504 адамга жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ