“Токтомду жазганда да ылайыктап жазбайсыңарбы! Мына 1-майдан тартып уруксат берилет деп тизмеге жазып жатасыңар. Кыргызстанда эмне химия өнөр жайы барбы, машина куруу барбы? Анда кеме куруу, ядро, космостук өндүрүшкө да 1-майдан уруксат берели деп жазып койбойсунарбы. Казакстандан көчүргөнүңөрдү жашыра албайсыңар! Кыргызстанда экономиканы көтөргөн 4 негизги тармак алар – соода, тейлөө, курулуш, текстиль эмеспи”, – деп сындады депутат Каныбек Иманалиев кечээ, 30-апрелде парламенттин жыйынында.
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев элге оболу экономикалык реформа керек экенин белгилеп, бул багытта Өкмөттүн кандай пландары бар экенине кызыкты. Премьер-министр реформаны биринчи кезекте Салык кодексинен баштайбыз, маселен, салык жөнөкөйлөштүрүп, анын кээ бир түрлөрүн жоюу керек дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ