Menu

Видео – КР ИИМдин Борбордук аппараты «Таза колдор» челленджин жыйынтыктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын  кызматкерлери коронавирус илдети  менен күрөшүү боюнча челлендж даярдашты.  Акциянын мааниси болуп министрликтин кызматкерлери пандемия учурунда жөнөкөй коопсуздук чараларын сактап, тактап айтканда колдорун дезинфекциялык каражаттар менен тазалаган видеосун жаздырышат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын  кызматкерлеринин вируска каршы челленджи  дүйнөдөгү вирустук оорунун алдын алуу маселесине арналган. Аталган челлендж  «Таза колдор» девизи менен өтүп, бүгүн жыйынтыкталмак. Башында, аталган акцияга Кыргыз Республикасынын ИИМдин өз алдынча жана түзүмдүк бөлүктөрү кошулушкан. Эң биринчи челленджди  Бишкек ШИИББи даярдаган. Андан соң Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Ош облустук ички иштер башкармалыктары, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы,  «Шумкар» атайын багыттагы полку, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы,  Ички коопсуздук аскер кызматы, Академия, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошулушуп, аталган эстафетаны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппараты жыйынтыктады.

Колдун гигиенасы-бул грипптин жана коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча маанилүү чаралардын бири. Колду самын менен жуу вирустан тазалайт. Эгерде колду самын менен жууш үчүн мүмкүнчүлүк болбой турган болсо, анда дезинфекциялык спрейлерди же  антисептиктерди колдонуңуздар. Чөйрөңүздөгү мүлктөрдү (стол, эшиктердин кармагычтары, гаджеттер) ар убак тазалоо вирустардан арылтат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: