Финансылык чабуул кызматынын башчысы Гуламжан Анарбаев тээ 2016-жылы эле Саймаити боюнча, Абдыраз” ЖЧКсы боюнча ИИМ менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматынан жооп ала албай койгонун билдирди. Анын айтымында, ишкер чыгарып кеткен ири суммадагы акчалар Кыргызстанга тиешелүү эмес экен. Бул тууралуу ал 21-январда Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайлар менен маалыматтарды иликтөө боюнча ЖКнын депутаттык комиссиясынын жыйынында айтты.
“Бул акчалар мамлекетке эмес, товар, кездеме, курулуш материалдарын саткан бизнесмендерге тиешелүү болгон”, – деди Г.Анарбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ