Menu

Казак президенти Токаев өз указы менен парламенттин спикери Дарига Назарбаеваны кызматынан алып салды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-майда Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы, Казакстан парламентинин сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун казакстандык ММКлар жазып чыкты.

Ал бул кызматта 2019-жылдын 20-мартында Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенин жарыялагандан кийин иштеп баштаган.

Казакстанда Сенаттын спикери өлкөдөгү экинчи маанилүү кызмат болуп саналат. Конституцияга ылайык, өлкөнүн президенти отставкага кеткен учурда анын ордун Сенаттын спикери ээлейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: