Өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 3545 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.
Ал эми республика боюнча обсервацияда жаткандардын саны 908 адамды түздү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ