Menu

Видео – Эмилбек Алымкулов: “Нарында коронавирус илдетин 98 адам жуктурса, анын 78и айыкты”

Бөлүшүү:

Нарын облусу боюнча жалпы 98 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган болсо, алардын 78и айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда онлайн-брифингде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

“Нарын облусу боюнча коронавирус илдетин 98 адам жуктуруп алган. Бизди кубандырганы ооругандардын ичинен айыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Маселен бүгүн эле Нарын шаарынан 2 бейтап айыгып, ооруканадан чыкканы турат. Ал эми 1-2-3- майларда Ат-Башыдан 21 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Коронавирус жуктурган 98 бейтаптын ичинен 78 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Райондор боюнча алып карасак, Ат-Башы районунда 61, Жумгалда 10, Нарын шаарында 6, Кочкордо 1 адам оорудан айыкты. Ал эми Ат-Башыда 6, Жумгалда 4, Нарын шаарында 7 адам дарыланып жатат. 3 адам үй изоляциясында. Ошондой эле обсервацияда жалпы 153 адам жатат. Үй карантининде 528 адам бар. Байланышта болгон адамдардын саны 1 миң 680 болду”,- деди Алымкулов.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: