Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 1 медайым коронавирусту жуктуруп алган.Бул тууралуу бүгүн, 5-майда КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, эалпысынан 217 медициналык кызматкер коронавирус илдетине чалдыккан. Алардын ичинен 150 кызматкер оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 843 адамдан коронавирус табылган, анын ичинен 600 адам сакайган. 11 адам коронавирустан каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ