“Экинчи бир эч кимге билинбеген миллионер Болот Бегалиев деген бар. Ал Майрам Акаеванын күйөө балдарынан болуп кетет, өзү Чүйлүк. Болот Бегалиевди учредитель кылып, Бермет Акаева “Алга “Кыргызстан” партиясын түзгөн. Бишкектин чок ортосуна жайгашкан “Берекет гранд” супермаркетин ачышкан. Кийин “Берекет универсал” деген экинчи бир дүң соода базарын ачышкан”, – деп билдирди бүгүн, 5-майда жарандык активист Абай Бакаев.
“Жаңы эле мисалды айтайын, 2010-жылы революциядан кийин “Берекет универсал” базарынын 1998-жылы мэриядан ижарага алган мөөнөтү бүтүп калат. Мэрия ал жерди алып, мунииципиалдык базар кылуунун ордуна Болот Бегалиев экөөсү сүйлөшүп, ага дагы 10 жылга узартып берет. Ал жерде 728 контейнер жайгашкан… Азыр ал базарга Болот Бегалиев 1 жылга 2 млн сом салык төлөйт, өзү кирешенин 30%ын алат, ал эми базардын чыныгы ээси Майрам Акаевага, Москвага ай сайын 4 млн сом акча жөнөтүп турат”, – деди Абай Акаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ