Каракол шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялга жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.
Маалыматка караганда, 33 жаштагы аял укуктук жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, күйөөсү аны сабап салган, ал эми милиция кызматкерлери бул ишке көңүл кош мамиле жасап, кылмышка шектүүгө эч кандай чара көргөн эмес.
“Жабырлануучунун айтымында, күйөөсү мас абалда аны сабап, баласын өлтүрөм деп коркуткан. Аялдын айтуусу боюнча, ал жерге милиция кызматкерлери келген, бирок дароо арызды алган эмес. Алар аялга арызын ШИИБге барып жазышын айткан. Биз анын күйөөсүн Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө каттоого, коргоо буйругун алууга, ошондой эле соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жардам бердик. Медициналык текшерүү зомбулук фактысын тастыктады”, – деди Камил Рузиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ