Menu

Түркмөнстанда мал жапырт кырылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда мал жандыктардын жана канаттуулардын арасында сибирь жарасы катталган учурлар көбөйдү.

Дашөгүз районунун Расул аттуу тургуну 30 тоогунан ажырап калган. ”Мен тоок багып, жумурткаларын сатып иштечүмүн. Өткөн жумада алардын баары кырылып калды. Менин таанышымдын уйу базарга сатыкка коюлган маалда жан берди. Мындай көрүнүштөр Түркмөнстандын башка аймактарында дагы болуп жатат”,-деди ал.

Үй канаттуулары чоң фермаларда дагы жапырт кырылууда. Жергиликтүү ветеринарлардын пикиринде, бул сибирь жарасына байланыштуу.

Түркмөн бийлиги мал ылаңынын жайылышы боюнча жана көрүлүп жатакан чаралар туурасында маалымат берген жок. Малдын жапырт кырылышы – эт азыктарына болгон талапты азайтты.

“Мал базарда тоокторду эч ким сатып алган жок. Уйлардын баасы 20-30% төмөндөдү. Сатып алуучулар малдын саламаттыгы туурасында ветеринардын справкасын талап кылышууда”-деди Дашөгүздөгү өз булактардын бири.

Түркмөнстанда кырылган малдын сөөгүн таштанды таштоочу жайга ыргытышууда. Ал жакта аларды жолбун ит-мышыктар жеп кетүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: