Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында аз камсыз болгон 11 үй-бүлөгө сыналгылар белекке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, айыл өкмөт жана мектеп-гимназия муктаж болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга онлайн-режимде окууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.
“Айылда сыналгысы жок үй-бүлөлөр бар. Айрым үй-бүлөлөр ижарага алынган батирлерде жашашат жана сыналгы сатып алууга акчасы жок. Балдар кыйналбай онлайн-режимде окуш үчүн демөөрчүлөрдүн колдоосу менен сыналгылар сатылып алынды. Бүгүнкү күндө балдар билимин улантышууда. Ата-энелер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти”, – дешти жергиликтүү тургундар.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаеванын айтымында, балдарды онлайн-окууга керектүү болгон нерселер менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат.
“Окуу WhatsApp тиркемесинде жүргүзүлөт. Биз райондук администрацияга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү сыналгы менен камсыз кылуу өтүнүчү боюнча кайрылганбыз. Биздин демилгебиз колдоо тапты. Азыр ар бир айыл өкмөтү мектеп жетекчилери менен биргеликте иш алып барууда”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ