Бүгүн, 6-майга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 16, Чүй облусу – 2, Жалал-Абад облусу – 6, Баткен облусу – 4 катталган.
Анын айтымы боюнча 28 учурдун бешөөсү чет жактан келген. Дубайдан учуп келген жарандардын арасынан 1 учур аныкталган. Тажикстандын Худжант шаарынан Лейлек районуна 3 студент кайтып келген, аларды текшерип жатканда, вирус табылган. Ошондой эле Душанбе шаарында окуган студент кайтып келген, аны дагы текшергенде коронавирус аныкталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 871ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 129 адам;
– Ош облусунда — 169 адам;
– Ош шаарында — 113 адам;
– Бишкекте — 255 адам;
– Нарын облусунда — 103 адам;
– Чүй облусунда — 74 адам;
– Баткен облусунда — 18 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ