Алардын айтымы боюнча, окуя 28-апрель күнү болгон. Милицияга 37 жаштагы жергиликтүү тургун (аял киши) кайрылып, мас абалдагы кошунасы анын батирине кирип, майыптыгы бар жашы жете элек баласынын көзүнчө аны сабап салганын айткан.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында шектүү катары 61 жаштагы жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ