Бүгүн, 7-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө 17-24-апрель күндөрү дарыланып кеткен бала менен апасында коронавирус табылганын айтты.
Анын айтымы боюнча, алар ооруканадан чыгарылгандан кийин Бишкекте бир нече убакыт жүрүп, анан Тогуз-Торо районуна кетишкен. Тогуз-Торого барганда дарыгерлер аларды текшергенде, коронавирус аныкталган.
Андан кийин ооруканада иштеген медициналык кызматкерлерди жана бир эле учурда дарыланып жаткан бейтаптарды текшергенде, 2 бала, 3 эне жана 2 медициналык кызматкерден коронавирус табылган.
Нурболот Үсөнбаевдин айтымы боюнча, бул учурга чейин ооруканада коронавируска чалдыккан адамдар катталган эмес.
“Бүгүнкү күндө коронавирус аныкталган эне менен бала дагы алар кимдер менен байланышта болгону такталууда. Вирус баланы консультацияга алып барганда, дарыгерлерге көрсөткөндө жугушу мүмкүн деп болжолдоп жатабыз. Бардык жагдайлар такталып бүткөндөн кийин так айта алабыз” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ