Menu

Видео – Аскат Осмонов: “Алтынбек Сулайманов “парламентти олигархтардын клубуна айланттык” деп туура айтты, люстрацияны Шадиев, Жапаров, Жумалиев, Пирматов сыяктуу олигархтары бар “Бир болдон” баштайлы”

Бөлүшүү:

“Достор, бир бололу, бир идеяга биригели, бир силкинип, кан соргуч мите-курттардан арылсак болот. Карантинде жөн олтурбай тазалансак болот. Ал үчүн эмне кылыш керек? Идеябыз бир болуш керек”, – деп билдирди бүгүн, 7-майда блогер Аскат Осмонов тарапташтарына кайрылып.

“Блогер жигиттер, анын арасында мен дагы, жалындуу кайрылууларды жасап, башаламандыкты токтотолу деп жатышат. Олигархиялык мафия биздин мите-курттар болуп калды. Денеге жабышып, канды соруп жатат. Элдин үстүндө жашап келе жаткан мите курттарга Фейсбук люстрациясын баштадык. Алар элдик люстрациядан коркушат. Биз тамырын кармадык, ошонун темпин жоготпойлу. Биз аларды бир муштум болуп, жапа тырмак чапчыйбыз” – дейт Аскат Осмонов.

“Кечээ Алтынбек Сулайманов “парламентти олигархтардын клубуна айланттык” деп туура айтты. Биз буга чейин айтып эле келатабыз. Бирок, Алтынбек Сулаймановдун айтканын дагы тастыктайлы. Өзүнүн партиясынан (Бир Бол) баштайлы. “Бир Бол” партиясында олигархтардын бары чогулган партиясы болуп жатат. Партиядан депутат болуп отурган 12-13 киши карап чыктым (Шадиев менен чогуу). Бардыгы миллиардер, минимум миллионер. Люстрацияны Шадиев, Жапаров, Жумалиев, Чудинов сыяктуу олигархтары бар “Бир бол” партиясынан баштайлы” – деп билдирди блогер Аскат Осмонов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: