Menu

Аскат Алиев: “Казак, өзбек, тажик мигранттары элчиликтеринин эшиктерин тепкилеп, бийлигин ар кандай сөздөр менен сөгүп, алып кеткиле дегенин көрбөйсүң…”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда КР ИИМдин Россиядагы өкүлү мигрант мекендештерге кайрылуу жасап, учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоону суранып, сабырдуулукка, чыдамкайлыкка чакырып, ар кандай чагымчылдырдын провокацияларына алдырбоого чакырды.

Урматтуу Россиядагы жердештер! COVID-19 оорусу башталып, карантин болгонуна бир айдан ашып калды. Мына эртең кырдаал жакшы болуп кетеер деген үмүт менен олтурабыз. Бул илдет дүйнө жүзүн чөгөлөтүп койгону баарыбызга белгилүү болуп калды. Айтайын дегеним жалгыз биздин элдин башына келген кыйынчылык эмес, Россияда бейрасмий маалыматтарга караганда 1 млнго жакын кыргыз, 1 млндон ашык тажик, 3 млн го жакын өзбек мигранттар бар деп жүрөбүз. Өзбек туугандар карантин башталганда 30 млндон ашык калкыбыздын, мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн деп чек арасын чымчык учуп кирбегендей жаап, Россиядагы эмгек мигранттарын алып кетпей тургандыгы жөнүндө расмий билдирүү кылган. Андан сон Россия мамлекети дагы аба майданын токтотуп, учактар учпай калды. Бүгүнкү күндө жалпы эмгек мигранттары үчүн оор жагдай түзүлгөнү баарыбыз көрүп турабыз. Коңшу өлкөлөрдүн эмгек мигранттары элчиликтеринин эшиктерин тепкилеп, бийлигин ар кандай сөздөр менен сөгүп, алып кеткиле дегенин көрбөйсүң…

Кыргыз Элчилигинде Ыкчам штаб түзүлүп, кыргыз диаспорасынын лидер, активисттери, ак жүрөк патриоттору менен биргеликте кыйналган мекендештерге ар тараптуу жардамдар көргөзүлүүдө. Беш кол тең эмес дегендей , албетте бул кыйын кырдаалды туура түшүнгөнү бар, туура эмес түшүнгөнү бар, оору жок, бул жөн гана саясат дегени бар. Ар кандай жалган маалымат таркатып чек ара ачылыптыр деп элди дүрбөтүп тизме түзгөндөр да жок эмес. Мына кече Россия – Казакстан чек арасында көптөн бери турган мекендештерди кыргыз-казак өкмөтү сүйлөшүп, 500 дөн ашык адамды медиктердин, полициянын коштоосунда коридор кылып алып кетишти. Аны уккан жердештер айтканды укпай дүрбөп, топтошуп автобус жалдап, чек арага бара жатышат. Эми ал жака барып алып дагы канча күн кыйналып талаада жатышат белгисиз. Эртеңден баштап, мына бийлик карабай койду, талаада жатабыз деген видео кайрылууларды көрө баштайбыз. Мекенге кетебиз деген жүз миңдеген боордоштор бар, анан баары эле ушундай ээн баштык кылып мамлекетти жарга такап, алып кеткиле деп бара берсе бизде карантин бүтпөйт, бул жаман аты бар душманды жеңе албайбыз. Карантиндин ар бир күнү миллиондогон чыгашаларга алып келип жатат. Канчалаган салык төлөгөн ишканалар токтоп, элдер жумушсуз олтурат. Ансыз да кыйналып турган мамлекетибиз такыр эле чөгөлөп туралбай калат го. Азыр көпчүлүк адамдар симптому жок ооруп, орусча айтканда “переносчик” болуп жүрөт. Үйүнө барганда тууган, кошуна, жакындарына жугуза берсе, оору токтобой эртең мамлекетибиздин келечеги кандай болот?! Мына Казакстан малекети илдет менен күрөшүүгө 6 триллион теңге сарпташыптыр, дагы белгисиз канча сарпталат. Ошондуктан эртереек ушул илдетти жеңип, кайра жакшы жашоого кайталы десек, болуп жаткан кырдаалды туура түшүнүп тааныш, жердеш, тууган-туушкандарыңарга түшүндүрүп жеткирип коюңуздарга терең ишенебиз, бир тууган боордоштор. Сабырдын түбү-сары алтын, буюрса аз калды жакшы күндөргө. Мамлекетибиздин жаркын келечеги баардыгыбызга керек!

Сиздерди терең урматтоо менен КР ИИМ өкүлү Аскат Алиев. Москва шаары 7-май 2020-ж.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: