Menu

Видео – Пишпек аймагынын тургундары темир жол ооруканасынын базасында обсервация түзүүгө каршы чыгып жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-майда өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Анда ага “Бишкек шаарындагы Пишпек районунун тургундары темир жол ооруканасынын базасында обсервация түзүүгө каршы чыгып жатышыптыр. Сиздер обсервациянын орундарын эмне үчүн кеңейтип жатасыздар? Мындан дагы көп ооруну жуктуруп алгандарды күтүп жатасыздарбы?”,- деген суроо берилди.

“Бул маалымат бир аз башкача берилип жатат. Анткени биз ошол темир жол ооруканасын атайын даярдап, ал жердин 60 койкасына ооругандарды жаткызуу муктаждык бар. Коронавирус жуктургандар менен деле байланышта болбогон, башка эле оорулар менен ооруп калгандарды ошол жерге алып барып, аларга медициналык тыкыр көзөмөл кылып, ошол жерден анализдерин тастыктап, толуктап текшерип чыгып, вирус бар болуп калса анда жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырмакпыз. Эгерде вирустун белгилери жок болсо ошол жерден даарылап, үйлөрүнө чыгарылмак. Бүгүнкү күндө ал жерде иштеген медицина кызматкерлер каршы чыкты деп айткан туура эмес. Анткени ал ооруканада толук шарттар түзүлүш керек болчу. Ал жерди оңдоп-түзөп, биз койгон режимдерге даяр болгонго чейин, бул маселени башка оорукананын базасында чечип жатабыз”,- деп жооп берди Үсөнбаев.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: