Menu

ЖАМК: Саламаттыкты сактоо министрлигинин №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирустук инфекция жуктурган деген маалыматы одоно жана так эмес

Бөлүшүү:

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирустук инфекция жуктурган деген маалымат боюнча билдирүү жасайт:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оперативдүү штабынын 08.04.20-жылдагы “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө” буйругунун негизинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматы кызматкерлерди кононавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө жүргүзүп келет. Аталган кызмат тарабынан уюштурулган COVID-19  илдетин эрте аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам текшерүүдө Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда кызматкерлердин бири вируска шектүү экендиги аныкталган. Андыктан, кызматкер менен байланышкан адамдар жана №1 СИЗОнун бардык кызматкерлери, ошондой эле кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү менен тиешелүү чаралар көрүлгөн жана бардыгынын анализдеринин жыйынтыктары терс болуп чыккан.
Кийинки күнү 5-майда вируска шектүү кызматкердин кайталанган ПЦР анализинин натыйжасы терс болуп чыккан жана үй шартында көзөмөлдөөдө болгон.
ЖАМК Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык инфекциялык ооруканасынан аталган кызматкер 7-майдан тарта стационардык дарылоого жаткырылгандыгы тууралуу маалыматты бүгүн, 8-майда алды. Учурда вируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында экени анык. Анын ден-соолугуна даттануусу жок, абалы канааттандырарлык.
Учурда ЖАМКнын медициналык кызматы тарабынан кызматкерлерди кононавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө жүргүзүү улантылып жатат.
ЖАМК Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта Жазаларды аткаруу системасын бөлүп көрсөтүү одоно көрүнүш экенин жана бул маалымат коомчулукту беймазага саларын билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: