Menu

«Талибан» Түркмөнстандын Ооганстанга жөнөткөн гумжардамын карактап кетти

Бөлүшүү:

Түркмөнстан Ооганстан элине кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Азык-түлүк жүктөрү 2-майда Акине портуна жеткирилип, оогандарга өткөрүлүп берилген.

Бирок Ооганстанда гуманитардык жардамды «Талибан» кыймылынын жоочулары тартып алган. Жүк Майман шаарына жетпей калган.

Түркмөнстан Фаряб аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жашылча-жемиш, жумуртка сыяктуу азык-түлүк жөнөткөн. Жолдо жүктү «Талибан» кыймылы карактап кеткен.

«Талибандын» мындай аракети жосунсуз. Биз бул жардамды колунда жок замандаштарыбызга таратууга ниеттенгенбиз. Мындан тышкары бул жардамды «Талибан» кыймылынын көзмөлүндөгү айылдардын жашоочулары да алмак. Бирок гуманитардык жүктү жоочулар тоноп кетти», – деди Ооганстандын Фаряб облусунун башчысы Накибулла Файип.

Накибулла Файип «Талибан» жүк салынган бир автоунааны аскер лагерине жөнөткөнүн айтты. Калган төрт жүк ташуучу унааны ачык жерде, ысыкта кармап турушат. Ичинде тез бузула турган азык-түлүктөр бар.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары «Талибан» өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн жөнөтүлгөн. Ага чейин аксакалдар дагы талибдерге кайрылып, жүктү кайтарууну өтүнүшкөн. Бирок алар азырынча эки жактын тең суранычына макул боло элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: