Кыргызстанда университетти 7 миңден ашык бүтүрүүчүлөр аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
“Аларда дагы мамлекеттик экзамендер бар. Бул боюнча биз Билим берүү министрлиги менен талкууладык. Алардын катарында медициналык университеттер да бар, алар аралыктан экзамен тапшыра алышпайт”,- деди Исмаилова.
Депутат Альфия Самигуллина белгилегендей, ЖОЖдордо бүтүрүү экзамендерин жана диссертацияларды коргоо реалдуу убакытта жүргүзүлүшү керек.
“Билим берүү мекемеси экзамендерди өткөрүү үчүн шарттарды түзүшү керек, ар кайсы аудиторияда, 5 адамдан кылып, экзамендерди сааттарга жана күндөргө бөлүп өткөрүү керек”,- деди Самигуллина.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ