Ысык-Көлдүн Бостери айылында эки кишини сабаганга шектелип дагы 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Алардын айтымы боюнча, бүгүн, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ысык-Көл ОИИБнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери издөөдө жүргөн Бостери айылынын тургундарын кармап, Ысык-Көл ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.
Кармалгандар: 33 жаштагы Ж.У., 26 жаштагы Су.А., 32 жаштагы И.Б. жана 27 жаштагы Т.у.К. Алар Д.Э. менен М.С. аттуу жигиттерди сабаган деп шектелүүдө. Сабалгандардын бири, М.С. Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, ал эми М.С. амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Бул кылмыштын бети өз убагында ачылышы үчүн Ысык-Көл ОИИБнин жана Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлеринин ичинен ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн. Жүрүп жаткан издөө иш-чаралары облустук милициянын башчысы Улан Асанбаевдин көзөмөлүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ