Menu

Видео – Өлкөдө коронавируска чалдыккан 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө стационарларда 306 бейтап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк-онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, COVID-19 диагнозу менен ооруканада жаткан 306 бейтаптын ичинде 7 адамдын абалы оор, алардын төртөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 230 адамдын абалы канаттандырарлык, 70 бейтаптын абалы орточо оор.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1044 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 726 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган. 12 адам оорудан улам каза болгон.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: