Menu

2019-жылы мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 400 миллион доллар которгон

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-майда ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешов 2019-жылы мигранттар өлкөгө канча акча каражатын которгондугу тууралуу суроону премьер-министрге узатты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мигранттар 2 миллиард 400 миллион доллар которгонун билдирди.

“Өкмөт муктаж болгон мигранттарга канча акча которгон” – деп сурады депутат Дастан Бекешов.

“Өткөндө чечим чыгарып 20 миллион сомдой которуп, 10 миллионун Россияга, ал жакта хостелде жаткандарга тамак-ашына, жатаканасына жардам бергенге которулган. Дагы акча каражаттары болсо, жардам берүү үчүн чечим чыгарабыз” – деп жооп берди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутат экономикага чоң салымын кошкон жарандарга көрсөтүлгөн жардамдын аздыгын айтып, акча каражатын дагы бөлүп берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде премьер-министр муктаж болгон мигранттарга дагы жардам бериле турганын айтты.

“Санариптештирүү деп жатасыңар, бирок ал ишке ашкан жок. Өткөрмөлөр кагаз түрүндө, жаңы паспорт менен жүрсөң жашаган жериңден маалым кат алыш керек, Салык кызматынан мөөр койдуруш керек” – деп депутат нааразы болду.

Премьер-министр миңдеген ишкерлер шаарга кирип-чыгып жатканын айтып, бардыгын системага алып келүү үчүн кыйынчылыктар жаралып жатканын айтты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: