Menu

Кундуз Усупбаева, журналист: “”Чоң казатчымын” деген Гамал Сооронкулов өзү Бакиевдердин айрым мүлктөрүнө ээлик кылат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-майда Нарындагы бугу-маралдарды Аксыга көчүрөм деп АКШнын киноактеру Ди Каприонун ак илбирсти колдоо фондунан чон суммадагы грант алып, аты чыккан Гамал Сооронкулов фейсбуктагы баракчасына депутат Кубанычбек Жумалиевди ууру деп атап пост жазганын жарыялаган элек. Эми Сооронкуловдун өзүн ууру деп атаган журналист Кундуз Усупбаева фейсбукта пост жарыялады:

“Урматтуу туугандар, акыркы учурларда Кубанычбек Жумалиевге бир беткей каралоолор күч алды, албетте Жумалиев мамлекетти жесе укук коргоо органдары жоопко тартсын. Бирок Чон казат деп чыгышканы менен арасына ууру, Аксыда “Марал” долбоорунан миллиондору жеп Аксыга экинчи ирет бут баспай калган Гамал Сооронкулов деген аферист Чон казатты колдодум Кубанычбек Жумалиев убактылуу депутаттык мандатынан кетсин деп чыкты.

Эми силерге бул кишинин ким экендигин айтып берейин. 2010-жылы элдик революция болгонго чейин Жалал-Абад облусунда Жусуп Бакиевдин штабын башкарып жүргөн. Ал эле эмес Бакиевдердин айрым мүлктөрү ушул кишиге каталып жүргөндүгү ушул күнгө чейин айтылып келет. Анан эле өзу ууру коррупционер болсо Америкадан келген миллиондорду жеп коюп, Аксыга келе албай качып жүрсө анан кантин Чон казатты колдоп коррупция менен күрөшөт?

Урматтуу Сыймык Жапыкеев, ушундай эки жүздүүлөрдөн алыс болуңуз, бул киши бардык адамды сатып кетет. Анткени өзү жеген миллиондорго жооп бербештин амалын кылып, “Чон казатты” колдоп чыкты. Жумалиевди коюп эле Америкадан келген миллиондорду качан төлөйсүн? Бул кишини тез аранын ичинде жоопко тартыш керек.”

Кундуз Усупбаева, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: