Menu

Нарында коменданттын айдоочусунан жана облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгеринин жубайынан коронавирус аныкталган

Бөлүшүү:

Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Саламаттыкты сактоо министринин Нарын облусундагы координатору, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Муратбек Алиаскаров карантинге жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, полковник Улан Аалиевдин айдоочусунан жана үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысынын жубайынан коронавирус аныкталган. Комендант эки жума карантинге жатып чыккан, ал эми башкы дарыгер дагы деле карантинде жатат.

“Адистердин жетишсиздиги болуп жатат. Ошону менен бирге карантинге жатып чыккандары да болуп жатат. Ушулардын бардыгы жумуштардын аткарылышына тоскоолдуктарды жаратып келди. Биз министрликтен жардам сурадык. Учурда эки эпидемиолог дарыгер келип, иштеп жатат. Ооруну мындан ары жайылтпоо боюнча өздөрүнүн сунуштарын берип жатат. Биз катуу талаптарды коюп, ооруну ооздуктап, медициналык кызматкерлердин арасында вирусту таратпоону көзөмөлгө алып жатабыз” – деп билдирди Эмилбек Алымкулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: