Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев ант беришти.
“Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев өз каалоолору менен мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышкан. БШК алардын ордуна “Кыргызстан” фракциясынан депутат катары Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевди каттаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ