Бүгүн, 14-майда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев онлайн-брифингде аймакта эмне үчүн коронавирустун учурлары жок экендигин түшүндүрдү.
“Биринчи себеби – биз облусту изоляцияга алдык, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк” – деп билдирди губернатор.
Марат Мураталиев жергиликтүү тургундар, аксакалдар, улуу жана жаш муундар илдеттин оордугун түшүнүп, бири-бирине барууну токтотуп, адамдардын топтолушуна жол бербегендигин кошумчалап өттү.
“Жергиликтүү жаштар өздөрү региондордо өткөрүү пункттарын түзүп, адамдардын кыймылынын алдын алышты. Дарыгерлер, милиция кызматкерлери жана бул дартка каршы күрөшкө катышкан бардык жарандар жигердүү иштеп жатышат” – деп билдирди Марат Мураталиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1082 адамдан коронавирус табылган. Бир гана Талас облусунда коронавирустун учурлары катталган эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ